Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн 700 миң евро бөлүп берет

Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн 700 миң евро бөлүп берет.

 

Бул тууралуу уюмдун Бишкектеги жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, биримдик техникалык жардам дагы көрсөтөт.

 

Евробиримдиктин аймактык программасы региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого багытталган. Ал Борбор Азия өлкөлөрүндө чек араны комплекстүү башкаруу жана соода тармагын колдоо аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшөт.