Кыргызстан 2022-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 39 миллиард 300 миллион сом жумшайт

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөөгө 26 миллиард 600 миллион сом жумшайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана карды боюнча комитетинин жыйынында

каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, ал эми мамлекеттин

ички карызын тейлөөгө кийинки жылы 12 миллиард 700 миллион сом багытталат.

Белгилеп кетсек, өлкөнүн мамлекеттик карызы 416 миллиард сомдон ашты.

Сумманын 85 пайызы тышкы, 15 пайызы ички бересе.