Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү.
10-декабрда ноябрдагы бааларга салыштырмалуу кара отундун
тоннасы орточо эсеп менен 6 пайызга арзандады. Муну менен
бир тонна 5 миң 342 сомдон сатылууда, — дешти Улуттук статистика
комитетинен. Учурда көмүргө болгон эң жогорку баа Ноокатта — тоннасы
7 миң 990 сомдон, Баткенде – 7 миң 970 сом жана Кербенде – 7 миң 824 сом.
Ал эми республика боюнча минималдуу баалар Чаек айылында – тоннасы 3 миң сом,
Балыкчыда – 4 миң 50 сом, Нарында– 4 мин 450 сом болсо,
Токмокто – 4 миң 599 сомго барабар.