Кыргызстанга киргендердин ПЦР-тестинин мөөнөтү кыскарышы ыктымал

Кыргызстанга киргендердин ПЦР-тестинин мөөнөтү кыскарышы ыктымал. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкө аймагына чет өлкөдөн келгендердин коронавируска каршы тапшырган тестинин мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка азайтууну тапшырды. Белгилеп кетсек, вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тартып Кыргызстанга чек арадан кирген ар… Кененирээк…

Айрым шайлоо тилкелериндеги добуштар кайра саналат

Айрым шайлоо тилкелериндеги добуштар кайра саналат. БШК кабыл алган чечимге ылайык, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы  13 участоктогу добуштар жаңыдан эсептелет. Кайра саноо процессине саясий партиялардын байкоочулары жана журналисттер катыша алат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча,… Кененирээк…

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту. Эки депутатка тең камакка алуу түрүндөгү мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, алар сот залынан бошотулду.   Белгилей кетсек, кечээ парламент Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко… Кененирээк…

Сауд Аравияда 40 төө ботокс сайылганы үчүн сынактан четтетилди

Сауд Аравиянын бийлиги 40 төөнү ботокс үчүн сынактан четтетти. Бул тууралуу «National Geographic Россия» жазды. Билдирмеге караганда, төөлөр арасындагы сынак 2000-жылдан бери падышалык үй-бүлөнүн колдоосу менен өтүп келет. Анын байге фонду 66 миллион доллар. «Калыстар төөлөрдүн башы, мойну, өркөчү, жабдыгы жана басканына карап жеңүүчүнү аныкташат. Мында ботокс… Кененирээк…

Австрияда вакцина албаган жарандар айыпка жыгылат

Австрияда вакцина албаган жарандар айыпка жыгылат.   Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министри Вольфганг Мукштейн билдирди. Маалыматка ылайык, бул эреже келе жаткан жылдын 1-февралында күчүнө кирет.   Ага ылайык, эмдөөдөн баш тарткан жарандарга 3 миң 600 евро айып салынат.

Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлердин саны көп

Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлердин саны көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпысынан өлкөдө 344 миң 424 жаран жеке ишкерлик менен алектенет.   Анын 65 пайызы эркектер болсо, 35 пайызы аялдар. Ал эми Бишкекте тескерисинче, аял ишкерлер басымдуулук кылат. Жеке ишкерлердин көбү ордо калаага, Ош… Кененирээк…

Ордо калаада 7 миң 228 үй мыйзамсыз курулган

Ордо калаада 7 миң 228 үй мыйзамсыз курулган. Бул тууралу ордо калаа мэри Айбек Жунушалиев жарыялады.   Анын айтымында, учурда Бишкек жетекчилиги бийликтин тапшырмасы менен бул турак-жайларды жана тургузулган жер тилкелерин мыйзамдаштырып  баштады.   Алгач техникалык паспорттор берилет. Анын жардамы менен үйлөрдүн ээлери мамлекеттик жана… Кененирээк…

Кыргызстан аймагына киргендерди каттоо боюнча электрондук база түзүлөт

Кыргызстан аймагына киргендерди каттоо боюнча электрондук база түзүлөт.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, бул башка мамлекеттерде жайылып жаткан коронавирустун “омикрон” штаммын өлкө аймагына киргизбөө үчүн кабыл алынган чаралардын бири.   Андан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөгө киргендер үчүн ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка… Кененирээк…

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тактоо иши уланууда

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тактоо иши уланууда. БШКнын отурумунда добуштар кайра саналып чыга турган шайлоо участокторунун тизмеси жана графиги бекитилди.   Алар – Ош облусундагы Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары, Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары, Талас облусундагы Манас, Талас округдары, Чүйдөгү Ысык-Ата,… Кененирээк…

Өлкөдө ноябрь айында 4 миңге жаран пенсияга чыкты

Өлкөдө ноябрь айында 3967 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Соцфонддун маалыматына ылайык, январь-ноябрь айларында 60 445 жаран пенсияга чыкты.   «Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1407 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди», — деп жазылат маалыматта.… Кененирээк…