Коронавируска каршы вакцина алганын тастыктаган жасалма сертификат берген
бир катар дарыгер иштен алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,
Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери жана бир
медайым иштен бошотулду. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина
борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти.
Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Эске салсак,
буга чейин эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөн.