Бишкекте Республикалык диагностикалык борбордун базасында көп профилдүү балдар
ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Оорукана 150 орунга ылайык жана анда педиатрия, кабылдама-диагностикалык,
интенсивдүү терапия, пульмонология, неврология жана функционалдык диагностика
бөлүмү бар. Ведомстводон белгилешкендей, мурдагы Диагностикалык борбордун
кызматкерлери иштен алынбайт. Алар жаңы ооруканада кызматын улантса болот.