Бишкек мектептерин аралыктан окутууга негиз жок

Бишкек мектептерин аралыктан окутууга негиз жок. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, учурда мектептер салттуу форматта иштеп жатат. Эпидемиологдор абалды көзөмөлдөөдө. Сезондук сасык тумоо болуп жатат. Бирок мектептерди жаба тургандай абал эмес, — деп белгиледи вице-мэр. Учурда ордо калаада бир гана №56 мектеп… Кененирээк…

Пиротехникалык каражаттарды колдонуу эрежелерин сактоо жолдору айтылды

Пиротехникалык каражаттарды колдонуу эрежелерин сактоо жолдору айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, жаңы жылдын алдында жарандар  петарда, фейерверк, салют сыяктуу жарылуучу заттарды туура тандоо керек. Колго жасалгандарды, мөөнөтү өткөндөрдү жана кутусунда колдоруу эрежелери тууралуу жазуусу жокторду албоо сунушталат. Коопсуздукту сактоо үчүн үйдөн жана бак-дарактан алыс аттыруу… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы борбордук стадионду оңдоо иштери аяктоо алдында турат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы борбордук стадионду оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, калыбына келтирүү иштери аяктаса жергиликтүү тургундар үчүн спорттук оюндарды өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Долбоордун жалпы суммасы 18 миллион сом. Каражат аймакты өнүктүрүү фонду жана айыл өкмөт тарабынан берилди.

Бишкектеги бала бакчаларга 28 миң бөбөк кезекте турат

Бишкектеги бала бакчаларга 28 миң бөбөк кезекте турат. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, бакчага бара албай калгандар үчүн даярдоо тайпалары жана мектепке чейинки даярдоо боюнча “Наристе” программасы бар. Балдар андан 1-класска кирүү үчүн баштапкы билимди ала алышат. Мозгачева белгилегендей, ордо калаада 90… Кененирээк…

Кыргызстандагы ишканалар пандемияга чейинки абалына кайтып келүүдө

Кыргызстандагы ишканалар пандемияга чейинки абалына кайтып келүүдө. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, быйыл январдан сентябрга чейин ишканалардын басымдуу бөлүгүнүн дүң кирешеси көбөйүп, киреше 60 миллиард сомду түздү.  Киреше 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 35 эсе өстү дегенди түшүндүрөт. Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк… Кененирээк…

Түштүк Африканын президенти коронавируска кабылды

Түштүк Африка жумуриятынын президенти Сирил Рамафоза COVID-19 илдетине кабылганын мамлекет башчынын кеңсеси 13-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, толук эмделген Рамафоза дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы жакшы. Президент анын мисалы эмделүү керектигин, вакцина оор формадан коргой турганын дагы бир жолу далилдегенин айтты. Коронавирустун «омикрон» деген жаңы штаммы Түштүк Африкада… Кененирээк…

Быйыл 11 айда мамлекеттик карзыды төлөөгө 28 миллиард сом жумшалды

Ушул жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 222,7 миллиард сом бөлүнгөн. Бул туурасында өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди. Бул сумманын 14,3 миллиарддан ашыгы тышкы карызды төлөөгө, ал эми калган 13,9 миллиарды ички карызга жумшалды. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларындагы төлөмдөр 24,7 миллиард сомду түзгөн. Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалына чыккан командалардын атаандаштары аныкталды

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалына чыккан командалардын атаандаштары аныкталды. Белгилүү болгондой мелдештин жарым чейрек финалында 16 команда ат салышат. Оюндар 2022-жылдын 15-23-февраль аралыгында өтсө, жооптук беттеш 8-16-мартта уюштурулат.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасын оңдоо иштери жакынкы аралыкта аяктайт

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасын оңдоо иштери жакынкы аралыкта аяктайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, инфекциялык бөлүмдү капиталдык ремонттоо иштери 85 пайызга аткарылды. Имараттын чатыры алмаштырылып, дубалдар шыбалып, терезе, эшик, суу түтүктөрү жана электр тармактары жаңыланды. Андан тышкары, ички тышкы жасалгалоо иштери жасалууда. Иштер Азия өнүктүрүү банкы… Кененирээк…

Россия Кыргызстандын түштүгүндөгү үч бажы постун модернизациялоого жардам берет

Россия Кыргызстандын түштүгүндөгү үч бажы постун модернизациялоого жардам берет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташуу боюнча министри Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Бажы кызматына материалдык-техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүлөт. Каржылоо суммасы азырынча аныктала элек. Иштер 2023-жылы аякташы керек.