Бишкек мектептерин аралыктан окутууга негиз жок.
Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында,
учурда мектептер салттуу форматта иштеп жатат. Эпидемиологдор абалды
көзөмөлдөөдө. Сезондук сасык тумоо болуп жатат. Бирок мектептерди
жаба тургандай абал эмес, — деп белгиледи вице-мэр. Учурда ордо калаада
бир гана №56 мектеп карантинде. Андан 2 окуучу менен 1 мугалимден
коронавирус аныкталып, алгоритм боюнча убактылуу жабылды.