Жогорку Кеңешти шайлоого катышкан 6 партияга күрөө акысы кайтарылат

Жогорку Кеңешти шайлоого катышкан 6 партияга күрөө акысы кайтарылат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан белгилешкендей, 1 миллион сомдук күрөө акысы 5 пайыздык чектен ашкан саясий уюмдарга гана кайтарылып берилет. Алар, «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру». Эми аталган партиялар шайлоо… Кененирээк…

Илон Маск «Тайм» журналынын версиясы боюнча «Жылдын адамы» аталды

Америкалык SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск «Тайм» журналынын версиясы боюнча «Жылдын адамы» аталды. Басылма белгилегендей, Маск планетаны сактап, жаңы планеталарды багындырып, адамдарды ошол жерге көчүрүүнү көздөйт. Эске салсак, «Тайм» версиясы боюнча былтыр бул номинацияга АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис… Кененирээк…

«Түндүк» электрондук өз ара аракеттенуу борбору» мамлекеттик ишканасы жабылды

«Түндүк» электрондук өз ара аракеттенуу борбору» мамлекеттик ишканасы жабылды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.  Ишкананын жабылышы кайра уюштурууга байланыштуу. Бардык суроолор боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасына кайрылса болот.

Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигине 3 миллион долларлык товар экспорттойт

Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигине 3 миллион долларлык товар экспорттойт. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, биздин өлкөдөн эт, бал, кургатылган кара өрүк жана жаңгак экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Белгилеп кетсек, Дубайда «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги» аталышындагы бизнес-форум өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз… Кененирээк…

Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы турукташат

Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы турукташат. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, экономиканын өсүшү жана калыбына келиши 6 пайызга болжолдонууда. Туруктуу өнүгүү айыл чарба тармагында — 2,3 пайызды, өнөр жайда — 15 пайызды, кызмат көрсөтүүдө – 4 пайызды жана курулуш жаатында — 6,7 пайызды түзүп калат.… Кененирээк…

Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат

Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат. Мэриядан билдиришкендей, учурда Ала-Тоо аянтына орнотулуп жаткан кыш сулуусун жасалгалоо иштери аяктап калды. Борбордук аянт инсталяциялар, кичи балатылар, кар бүртүкчөлөрү, шарлар жана чырактар менен кооздолду. Андан тышкары, ордо калаанын борбордук көчөлөрүнө жаңы жылдык атрибуттар илинүүдө. Бишкекти жаңы жылга жасалгалоо… Кененирээк…

АКШ Кыргызстанга экинчи ирет вакцина берди

АКШ Кыргызстанга экинчи ирет вакцина берди. Бул тууралуу Американын Бишкектеги элчилигинен билдиришти. Pfizer препаратынын 49 миң дозасы Бишкекке келип түштү. Жеткирүү эл аралык COVAX программасынын алкагында ишке ашты. АКШ буга чейин Кыргызстанга октябрда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасын берген. Учурда COVID-19га каршы вакцинация кампаниясы 6… Кененирээк…

Кыргызстанда каржы пирамидасына алданган жарандардын жалпы чыгымы 3 миллион доллардан ашты

Кыргызстанда каржы пирамидасына алданган жарандардын жалпы чыгымы 3 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, катталган фактыларды тергөөнүн алкагында алданган жарандардын саны 5 миңден ашты. Шектүүлөр маркетинг иш-чараларын бурмалоо менен, жарандардын салган акчасы жыл сайын 260 пайызга чейин жогорку үстөк менен кайтарылат… Кененирээк…