Коронавируска каршы вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын алуунун аралыгы кыскартылды

Коронавируска каршы вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын алуунун аралыгы кыскартылды. Республикалык штабдан белгилешкендей, эми кыргызстандыктар бустердик дозаны вакцинанын 2-дозасынан кийин 4 айдан соң ала алышат. Буга чейин аралык 6 ай болчу. Мындай чечим Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынды.

Казакстандын Алматы эл аралык аэропорту 14-январда ачылары күтүлүүдө

Казакстандын Алматы эл аралык аэропорту 14-январда ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды. Так маалымат кийинчирээк дагы берилет. Эске салсак, буга чейин Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылган. Казакстанда башаламандык маалында нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аба майданын басып алган. Кийин ЖККУ линиясы… Кененирээк…

Эртең мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II этабы башталат

Эртең мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II этабы башталат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, сынак 12 предмет боюнча 13-14-январда өтөт. Олимпиаданын II этабына I этапта 1, 2 жана 3-орунду ээлеген окуучулар катышат. Сынакты уюштуруу, өткөрүү жоопкерчилиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башкармалыктарынын жетекчилерине жүктөлдү.

Арча-Бешик конушундагы мектептин курулушу аяктоо алдында

Арча-Бешик конушундагы мектептин курулушу аяктоо алдында. Мэриянын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 2 кабаттан турат жана ал 500 орунга ылайык. Учурда ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Долбоордун курулушуна каражат Сауд Арабия менен Кыргызстан ортосундагы макулдашылган насыядан берилет. Имаратты апрелде пайдаланууга берүү пландалууда.

Кыргызстандын банк системасы штаттык режимде иштеп жатат

Кыргызстандын банк системасы штаттык режимде иштеп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бардык коммерциялык банктар штаттык режимде туруктуу иштөөдө жана эл аралык төлөм системалар боюнча кардарларга кызматтар толук көрсөтүлүүдө. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү туруктуулукту көрсөтүү менен жогорку деңгээлде сакталып турат.

Бишкекте азык-түлүк  жарманкелери май айына чейин болот

Бишкекте азык-түлүк  жарманкелери май айына чейин болот.   Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин борбордогу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.   Анда шаардыктарга азык-түлүк жеткиликтүү баада сунушталат.

Жогорку Кеңеште сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты

Жогорку Кеңеште сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты.   Эми бул маселе парламенттин түштөн кийинки жыйынында каралып, добушка коюлат.   Белгилеп кетсек, буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер жана жети тармактык комитет болгон.

Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы катталды

Кыргызстанда коронавирустун “омикрон” штаммы катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы штамм Бишкек менен Чүй облусунда эки адамдан аныкталды.   Маалыматка ылайык, алар борбор калаадагы Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында дарыланууда.   Дарыгерлер «омикрон» штаммынын белгилери сасык тумоого окшош болот деп белгилешүүдө. Андыктан, жарандарга санитардык эрежелерди сактап,… Кененирээк…

Канадада COVIDге каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр үчүн жаңы салык киргизилет

Канадада COVIDге каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр үчүн жаңы салык киргизилет.   Квебек штатынын башчысы Франсуа Лего жаңы фискалдык жазаны колдонууга убада берип, жакынкы жумаларда вакцинанын биринчи дозасын алуудан баш тарткандар саламаттыкты сактоо системасына жасаган көңүл кош мамилеси үчүн салык төлөшү керектигин билдирди.   Бирок ал жаңы… Кененирээк…

Оmicron штаммына каршы вакцина март айында даяр болот

Оmicron штаммына каршы вакцина март айында даяр болот. Pfizer компаниясынын маалыматында, жаңы препарат боюнча иш аталган штамм аныкталгандан кийин эле башталган.   Компания жаңы дары сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.   Ага ылайык, вакцина коронавируска, анын ичинде omicron штаммына каршы таасирдүү болору айтылууда.