Казакстандын Алматы эл аралык аэропорту 14-январда ачылары күтүлүүдө

Казакстандын Алматы эл аралык аэропорту 14-январда ачылары күтүлүүдө.

Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.

Так маалымат кийинчирээк дагы берилет. Эске салсак, буга чейин Алматыдагы

аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылган. Казакстанда башаламандык маалында

нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аба майданын басып алган.

Кийин ЖККУ линиясы боюнча тынчтык орнотуучу күчтөр аба майданын көзөмөлгө алган.