Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн парламенттин түзүмүн бекитет

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн парламенттин түзүмүн бекитет.   Бул тууралуу парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришти. 18 депутаттан турган комиссия 7-чакырылыштын түзүмү боюнча өзүнүн вариантын кечээ сунуштады.   Ага ылайык, Жогорку Кеңеште 8 комитет түзүлүп, 3 вице-спикер дайындалат. Белгилеп кетсек, жаңы шайланган депутаттар 30-декабрда парламенттин түзүмүн бекитүүгө… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин бир жылда 72 пайызга, же 27 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бензин бир жылда 72 пайызга, же 27 сомго кымбаттады.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 11-январына карата өлкөдө АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 37 сомдон болсо, 2022-жылдын январында айдоочулар күйүүчү майды дээрлик 65 сомдон сатып алууда.   АИ-92 бензини 23 сомго кымбаттады. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар эми айдоочу күбөлүктөрүн биздин өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жаңырта алышат

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар эми айдоочу күбөлүктөрүн биздин өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жаңырта алышат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын    17-январынан тарта документти алмаштыруу Кыргызстандын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде мүмкүн болот.   Буга чейин айдоочу күбөлүктү Кыргызстандын аймагында… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

  Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.   УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматына ылайык, “Ак-тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө 130дан ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат.   Арасында айыл-чарба продукциясын, контейнерлерди ташып бара жаткандар жана бош унаалар дагы бар. Бул майрам күндөрүнөн кийинки жүк… Кененирээк…

Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды

Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды. Аларды Бишкектин борборуна чейин муниципалдык автобустар алып келди. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Мекендештерди Казакстандагы консулдук аркылуу “Ак-жол унаа жолу” бекетинен өткөрүү мүмкүн болду. Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөдөн кыргызстандыктарды эвакуациялоону улантууда.