Коронавируска чалдыккандар шайлоого мөөнөтүнөн мурда катыша алат

Коронавируска чалдыккандар шайлоого мөөнөтүнөн мурда катыша алат. БШКдан билдиришкендей, кайра шайлоо күнү карантинде болгондор 24-февралга чейин аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө келе албаганы тууралуу арыз бериши керек. Көчмө бригада тынчтык күнү, 26-февралда көрсөтүлгөн дарекке келип, жарандын добушун алып кетет. Белгилеп кесек, Жогорку Кеңештин Свердлов жана… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен эскертишкендей, бүгүнтөн тартып 19-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массасы түшуп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты… Кененирээк…

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү профилин өзгөрттү

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү профилин өзгөрттү. Мындан ары медициналык мекемеге COVID-19 менен ооруган кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар кабыл алынат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда анда иштеп жаткан дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Зарыл болгон учурда башка адистиктеги дарыгерлерден кеп-кеңеш… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы заманбап спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы заманбап спорт зал ачылды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Көк-Серек айылында орун алган спорттук мекеме айылдагы мектептин базасында курулду. Иштерге районду өнүктүрүү фондунун эсебинен дээрлик 13 миллион сом жумшалды.

Бүгүнтөн тартып чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар айдоочу күбөлүктөрүн биздин өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жаңырта алышат

Бүгүнтөн тартып чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар айдоочу күбөлүктөрүн биздин өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жаңырта алышат. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эми документти алмаштыруу Кыргызстандын бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде мүмкүн. Буга чейин айдоочу күбөлүктү Кыргызстандын аймагында гана алмаштырууга мүмкүн болчу.

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 32ге жетти

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 32ге жетти. БШКнын маалыматына караганда, Свердлов округу боюнча 19, Биринчи Май округу боюнча 13 талапкерден арыз түштү. Аталган эки округда ноябрдагы добуш берүүдө “баарына каршы” графасы озуп кеткендиктен 27-февралга кайра шайлоо дайындалды. Учурда иштеп жаткан 7-чакырылыш 90… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратат. Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүнтөн тартып 19-январга чейин өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Республика боюнча жаан, кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын күчтүү болот. Жаан аралаш кар бактарга жана линияларга жабышат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Аба-ырайын мындай шарттары… Кененирээк…

«Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жаңыланат

«Ата Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жаңыланат. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, комплекстин аймагын жакшыртуу, ага барчу жолдор, жол көрсөткүчтөрдү орнотуу, жашылдандыруу, инфраструктуралык оңдоо жана аймагын кеңейтүү пландалууда. Долбоордук сметаларды, архитектуралык чечимдерди жана сунуштарды жакынкы аралыкта иштеп чыгуу зарыл

Ош облусунун Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү завод пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү завод пайда болот. Учурда курулуш иштери башталды, — деп билдиришти Айыл-чарба министрлигинен. Маалыматка караганда, өндүрүштөн суткасына 200 литрден ашык суюк азот чыгарылат. Ал жасалма жол менен уруктандырууга колдонулат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 450 миң доллар. Өндүрүш Ош, Баткен… Кененирээк…

Бишкекте коронавируска байланыштуу мектептерди жана бала бакчаларды убактылуу жабуу зарылчылыгы жок

Бишкекте коронавируска байланыштуу мектептерди жана бала бакчаларды убактылуу жабуу зарылчылыгы жок. “Азаттыкка” ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей, вируска чалдыккандардын көбү чоңдор, жалпы статистикада балдар 2-4 пайызды гана түзүүдө. Андыктан, азырынча мектептерди аралыктан иштүүгө өткөрүү талабы жок. Онлайн окууга өтүү маселеси атайын алгоритмге ылайык ар… Кененирээк…