Бишкекте коронавируска байланыштуу мектептерди жана бала бакчаларды убактылуу жабуу зарылчылыгы жок

Бишкекте коронавируска байланыштуу мектептерди жана бала бакчаларды убактылуу жабуу

зарылчылыгы жок. “Азаттыкка” ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей,

вируска чалдыккандардын көбү чоңдор, жалпы статистикада балдар 2-4 пайызды гана түзүүдө.

Андыктан, азырынча мектептерди аралыктан иштүүгө өткөрүү талабы жок. Онлайн окууга өтүү

маселеси атайын алгоритмге ылайык ар бир класстагы абалга жараша каралат.Бүгүнкү

күндө балдар боюнча абал туруктуу. Бирок эгер бала же үйдөгүлөрдөн бирөө ооруп жатса,

окуучуну мектепке жибербөө зарыл.  Учурга карата бардык мектептер кадимки режимде иштеп жатат.