Мэрия жарандарды ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырат

Мэрия жарандарды ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырат. Муниципалитет маалыматына ылайык, ооруп калгандар үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылса болот жана медицина кызматкерлери тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр.   Белгилеп кетсек, 17-январга карата Бишкекте коронавирус менен пневмонияга кабылган 658 адам катталды.… Кененирээк…

Бишкекте башкы балаты алына баштады

Бишкекте башкы балаты алына баштады. Мэриянын маалыматына караганда, Ала-Тоо аянтындагы кыш сулуусунун оюнчуктары жана жасалгалары демонтаждалып баштады. Андан кийин балатынын өзү жыйналат. Ал эми борбордук аянттагы башка инсталяциялар кампага жеткирилди. Калаа бийлигинен белгилешкендей, жаңы жылдык атрибуттар кийинки жылы дагы колдонуу максатында кампада сакталат.

ЕАЭБ чек араларынан мыйзамсыз товар ташыгандарга салынган айыптын көлөмү көбөйүшү мүмкүн

ЕАЭБ чек араларынан мыйзамсыз товар ташыгандарга салынган айыптын көлөмү көбөйүшү мүмкүн. Юстиция министрлиги сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, бажы аркылуу өкөрүүгө аракет кылынган мыйзамсыз жүк үчүн юридикалык тараптарга 150 миң сом, физикалык жактарга 100 миң сомду түзүшү керек. Ири өлчөмдө айып салуудан тышкары, мыйзам бузуу кайталаган учурда… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булун” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү ачылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булун” жана “Токмок” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү ачылды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бүгүндөн тартып пункттардан жарандар жана жүктөр өткөрүлүп жатат. Анын ортосунда бир катар чектөөлөр күчүндө, алсак, кыргызстандыктарга жана чет өлкөлүктөргө Казакстандын аймагына кирүүгө тыюу салынат, бирок коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктар эки мамлекеттин… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, COVID-19дун жаңы штаммы чыккан учурда бейтаптарды дарылоо тартиби өзгөрүп турат. Учурда дарыгерлер жаңы протокол менен таанышып, бейтаптарды ага ылайык дарылап жатат. Белгилеп кетсек, өткөн жумада Кыргызстанда вирустун “омикрон”… Кененирээк…

Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди

Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди. Базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишине уруксат берилди. Соода борборлору, базарлар, мейманкана жана дүкөндөр карантинге жабылганын Ашхабад тургундары 15-январь күнү эртең менен билишти. «Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору жума күнү кечке… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады

Бүгүн, 17-январда, президент Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 10-январынан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан.

Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мелдеш 13-14-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп, 300дөй спортчу 57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 79 кг, 86 кг, 92 кг, 97… Кененирээк…

Адам өмүрүн узартуунун ыкмасы айтылды

Адам өмүрүн узартуунун ыкмасы айтылды. Бул үчүн тамактануу рационунан майонез менен маргаринди зайтун майына алмаштыруу зарыл, — дешет Гарвард медициналык факультетинин окумуштуулары. Зайтун майын көбүрөөк колдонуу менен жүрөк-кан тамыр, рак, нерв жана респиратордук ооруларды 20-30 пайызга чейин азайтышы мүмкүн. Адистер белгилешкендей, зайтун майы көбүнчө Түштүк… Кененирээк…

Бишкекте мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү

Бишкекте мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлдү. 24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргендей, учурда 12 көчмө топ вируска кабылгандарга барып, жардам берүүдө. Алардын санын көбөйтүү 118 чалуу борборуна түшкөн кайрылуулардын жогорулаганына байланыштуу. Операторлор күнүнө 800гө чейин чалууну кабыл алышууда. Өткөн жумада борбордун иштөө графиги күчөтүлгөн. Учурда операторлор… Кененирээк…