XXIV кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Пекиндеги Улуттук стадиондо өтөт

XXIV кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Пекиндеги Улуттук стадиондо өтөт. Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров катышат. Быйылкы олимпиадада спорттун 7 түрү боюнча 109 топтом медаль ойнотулат. Ага биздин тоо лыжа спортчусу Максим Гордеев катышат. Гордеев медаль үчүн таймашка 16-февралда чыгат.

Жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү каралууда

Ички иштер министрлиги жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгуу жана маневр жасоо эрежелерин бузуу жана машинаны мас абалында башкаруу жөнүндө. Андан тышкары, мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузган үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы 2 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы 2 күнгө жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү 5-6-февралда иштебейт. Пункт дүйшөмбүдөн тартып кадимки тартипте ачылат. Убактылуу жабылуулар Кытайда жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Коомдук тамактануу тармагы үчүн салыкты 6 пайыздык ставкада токтотуу каралууда

Коомдук тамактануу тармагы үчүн салыкты 6 пайыздык ставкада токтотуу каралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда. Андан улам экономика министрлигинде сунуштар кабыл алынууда. Эске салсак, буга чейин Коомдук тамактануучу жайларга бирдиктүү салыктын… Кененирээк…

Кыргызстанда 700дөн ашык үй-бүлө “Мамлекеттик ипотекалык насыя” аркылуу турак жай менен камсыздалды

Кыргызстанда 700дөн ашык үй-бүлө “Мамлекеттик ипотекалык насыя” аркылуу турак жай менен камсыздалды. Үйлөргө болгон бересенин өлчөмү 2021-жылдын 31-декабрына карата 1,5 миллиард сомдон ашты, — деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан. Андан белгилешкендей, министрлер кабинети «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталын 5 миллиард 300 миллион сомго чейин көбөйттү.… Кененирээк…

Бүгүн Пекинде Олимпиада оюндары ачылат

Бүгүн Пекинде Олимпиада оюндары ачылат. Ага биздин өлкөнүн тоо лыжа спортчусу Максим Гордеев катышат. Ал 16-февралда “слалом” дисциплинасы боюнча таймашат. Делегациянын курамында Гордеевден тышкары анын машыктыруучусу жана Олимпиада комитетинин кызматкерлери бар. Белгилеп кетсек, быйылкы кышкы Олимпиада оюндарына 91 өлкө катышат.

Бишкекте ирригациялык тармактар тазаланып, сугат мезгилине даярдалууда

Бишкекте ирригациялык тармактар тазаланып, сугат мезгилине даярдалууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда көрктөндүрүү боюнча кызматкерлер Жаш Гвардия бульварын бойлогон каналды тазлоо менен алектенишүүдө. Ал эми Ауэзов, Жукеев-Пудовкин, 7-апрель, Наманган, Скрябин, Лермонтов, Манас, Анкара жана Үмөталиев көчөлөрүндөгү бак-дарактардын бутактарын бутоо жүрүп жатат. Ошондой эле ордо калаанын бир… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу сактагыч куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда суу сактагыч куруу пландалууда. Ага ылайык, резервуарды Жазы-Кечүү аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясында жайгаштыруу каралып жатат. Объекттин ишке берилиши менен 6,5 миң жаңы сугат аянттары өздөштүрүлөт. Эсептөөлөргө ылайык, долбооду ишке ашыруунун баасы 21 миллиард сомго жетет.