Бишкекте имараттардын айланасындагы тосмолорду алуу уланууда

Бишкекте имараттардын айланасындагы тосмолорду алуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бүгүн Чүй проспектиндеги №98 кесиптик лицейдин жана  Президент алдындагы башкаруу академиясынын тосмолорун алды.

 

Эске салсак, ордо калаада көп кабаттуу үйлөрдүн, мамлекеттик мекемелердин тосмолорун алуу чечими кабыл алынды.

Бир гана мектептердин короосу окуучулардын коопсузудугун камсыздоо максатында тосулган бойдон калат.