Эл каттоонун операторлорун жарандар QR-код аркылуу текшере алат

Эл каттоонун операторлорун жарандар QR-код аркылуу текшере алат. Бул тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “Ар бир үйгө кирип атканда удостоверениясы болот. Ал жерде жергиликтүү райондун акими жана биздин ар бир райондо статистика бөлүмдөрү бар, ошолордун печати менен,… Кененирээк…

Кыргыз-түрк достук ооруканасын кыргыз тарап башкарат

Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасын башкаруу кыргыз тарапка берилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ооруканага жаңы жетекчи болуп Осмонали Масалиев дайындалды.   Буга чейин Бишкек шаарында курулган оорукананы Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган.   2016-жылдын июнь айында курула баштаган оорукана 2017-жылы… Кененирээк…

Чолпон-Атага быйылкы кышта алгачкы ирет калың кар жаады

Чолпон-Атага быйылкы кышта алгачкы ирет калың кар жаады. Көрүнүштү жергиликтүү жашоочулар соцтармактарга бөлүшкөн видеодон көрсө болот. Алардын айтымында, кар массасынын калыңдыгы 20 сантиметрге жетет. Буга чейин ушул кышта Чолпон-Атага мындай калың кар жаай элек болчу.

XXIV кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча бүгүн кечки саат 6да башталат

XXIV кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча бүгүн кечки саат 6да башталат. Иш-чара Пекиндеги Улуттук стадиондо өтөт. Быйылкы олимпиадада спорттун 7 түрү боюнча 109 топтом медаль ойнотулат. Дүйнө биринчилигине 92 өлкөнүн спортчулары ат салышары күтүлүүдө. Ал эми биздин өлкөнү тоо лыжа спортчусу Максим… Кененирээк…

Мырзалар 23-февралда кандай белектерди алгысы келерин айтышты

Мырзалар 23-февралда кандай белектерди алгысы келерин айтышты. Известия басылмасынын сурамжылоосуна ылайык, бул күнү эркектердин 75 пайызы жакындарынан белектерди күтүшөт. Тизменин сап башында гаджет, ноутбук, компьютер, спортко, эс алууга жана хоббиге арналган товарлар турат. Азыраагы кийим-кечек алгысы келет. Ал эми мырзалардын белек катары эсептебеген буюмдарынын катарын… Кененирээк…

Нарында Куланак ГЭСи курулат

Нарында Куланак ГЭСи курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 100 мегаваттуу болот. Объект үчүн Нарын районунун аймагынан 485 гектар жер бөлүнүп берилди. Долбоорду ишке ашырууга ички инвесторлор тартылды. Курулуш иштерин мартта баштоо пландалууда.

Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети бекитилди

Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети бекитилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, шаардык кеңештин сессиясында калаа башчысы  2022-жылга бюджеттин долбоорун тааныштырып, аны депутаттар бир добуштан колдоп берди. План 564 млн 407 миң сом болуп бекитилди. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 36 млн сомго көп  

Бишкекте жаңы вице-мэр дайындалды

Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Буга чейин вице-мэрлик кызматты Таалайбек Орозов аркалап келген. Ал «Бишкек суу каналга» жетекчи болуп дайындалды.

Бишкектин вице-мэри Таалайбек Орозов кызматтан бошотулду

Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов кызматтан бошотулду. Ал тууралуу буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Т.Орозов борбордогу санариптештирүү жана транспорт тармагын 2021-жылдын 23-сентябрынан бери көзөмөлдөп келген.

Быйыл Ошто ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Быйыл Ошто ишкерлерди тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, мындай борборлорду түштүк калаада жана өлкөнүн башка аймактарында ачуу министрлер кабинетинин тапшырмасында камтылган. Бирок ачылыштын мөөнөтү так айтылган жок. Министрликтен эске салышкандай, иштерлерди тейлөө борборлорунун милдети – бизнесмендерге өз маалында сапаттуу кызмат… Кененирээк…