Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. “Кыргызгидрометтин” маалыматына ылайык, 6-7-8-февралда өлкөнүн басымдуу аймактарында кар жаашы күтүлөт.

 

Андан улам, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул трассалар менен сапарга чыга турган айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сакташы керек.