Марк Цукерберг эң бай адамдардын ондугунан чыгып калды

Марк Цукерберг эң бай адамдардын ондугунан чыгып калды. Чет элдик басылмалар жазышкандай, Фейсбук – Мета компаниясынын негиздөөчүсү бир күндө эле 237 миллиард доллар жоготту.

 

Бул компаниянын акциялары кескин түшүп кеткенине байланыштуу. Метанын акциялары арзандаганы Pinterest, Snap жана Twitter социалдык тармактарын дагы төмөндөттү. Эми Марк Цукерберг Forbes басылмасынын версиясынын рейтингинде 12-орунда турат.