Аймактарда калкты каттоого көбүнчө мугалимдер тартылат

Аймактарда калкты каттоого көбүнчө мугалимдер тартылат. Бул тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.

 

«Биздин азыркы каттоого катыша тургандар, аны алып бара тургандар айыл жергесинде мугалимдер көбүнчө тартылышы мүмкүн. Биз чектебейбиз, бул жерде бир гана гос.службадагылар катыша албайт. А калган жарандарыбыз, врачтар болобу, же мугалимдер, же студенттер болобу, көбүнчө ошолор катышат”

 

Эске салсак, жазында өтө турган эл каттоого Улуттук статистика комитети 28 миң адамды ишке тартат.