Кыргызстанда экология көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт

Былтыркы жылы өлкөдө климат маселесинде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова маалымат жыйында билдирди.

 

«Былтыркы жылы өлкөдө климат маселесинде чоң өзгөрүүлөр болду. Алардын уландысы тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Бул буйрук экологияны сактоо, биздин тоолорду сактап калуу үчүн документ керек болчу. Жарлыктын негизинде жол карта түзүлүп, пландар түзүлөт. Анын негизинде жергиликтүү бийликтерге иш-чараларды аткаруу боюнча милдеттемелер коюлат.

Каражаттарды табуу үчүн эл аралык коомдорго кайрылабыз.

 

Кээ бир пландарыбыз бар. Аны былтыр Глазгого барганда бергенбиз. Парник газдарды калыбына келтирүү үчүн 7 миллиард каражат жардам жетишпейт. Эл аралык уюмдар бизге бериши зарыл», — деди ал.