Улуттук травматология жана ортопедия илимий борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Улуттук травматология жана ортопедия илимий борборуна жаңы жетекчи дайындалды. Эми медициналык жайды Гулия Кожокматова башкарат. Ал буга чейин жеке медициналык борборлордо жана Медицина академиясынын кафедра башчысы болуп эмгектенген.

 

Ал эми травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан бошотту.