Кышкы Олимпиада Пекинде ушул аптада башталат

Кышкы Олимпиада Пекинде ушул аптада башталат. Оюндар 4-февраль, жума старт алат.   Ага Кыргызстандын атынан лыжа спортчусу Максим Гордеев катышат.   Кошумчаласак, буга чейин өлкөнүн делегациясынын формалары көрсөтүлгөн.   Топтомдо 14 кийим бар. Форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү болгон кытайлык фирма тарабынан бекер берилди.

Электромобиль импорттоп же аны өндүргөн ишкерлер кошумча нарк салыгынан бошотулду

Электромобиль импорттоп же аны өндүргөн ишкерлер кошумча нарк салыгынан бошотулду.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, учактарды ижарага алып иштеткендер дагы кошумча нарк салыгын төлөбөйт.   Мындан тышкары, кайра иштетүүчү ишканаларга жана зер буюмдар менен иштегендерге кошумча нарк салыгынан 80 пайыз жеңилдик берилди.

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан тосмолор алынат

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан тосмолор алынат.   Түштүк калаа мэриянын маалыматына ылайык, Бабараимов көчөсүн бойлой соодагерлердин тосмолору менен жабылган тротуарга жол ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди.   Ошондой эле, Южный жана Түштүк-Чыгыш кичи райондорундагы жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун абалы көзөмөлгө алынды.

Быйыл Ысык-Көлдө 1 миң 500 гектар жерге жүгөрү айдалат

Быйыл Ысык-Көлдө 1 миң 500 гектар жерге жүгөрү айдалат.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта жылдан жылга малдын саны көбөйүп жатат.   Бирок тоют аз. Мындан улам жүгөрүнүн айдоо аянтын көбөйтүп, чыктуу тоют камдоо пландалууда.   Белгилеп кетсек, былтыр Ысык-Көлдүн төрт районунда жалпысынан 380 гектарга жүгөрү айдалган.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга 1,5 миллиард сом бөлүндү

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга 1,5 миллиард сом бөлүндү.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун дыйкандары менен жолугушууда билдирди.   Ал кошумчалагандай, ирригацияга дагы 1 миллиард сом бөлүндү.   Өкмөт дыйкандардын натыйжалуу иштеши үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү аракетин көрүп жатканы… Кененирээк…

Бишкектин 4-кичи районунда сейил бак пайда болот

Бишкектин 4-кичи районунда сейил бак пайда болот.   Мэриядан билдиришкендей, аймактагы күркөлөр демонтаждалып, баш аламан унаа токтотуучу жайларды жашылдандыруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар салынат.   Жумуштарды жазда баштоо пландалууда.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого 37 талапкер катталды

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча кайра шайлоого 37 талапкер катталды.   Боршайкомдон билдиришкендей, арыз жазган 72 кишинин 55и керектүү документтер топтомун белгиленген мөөнөттө тапшырды.   Бирок алардын айрымдары шайлоого катышуудан баш тартса, кээ бирин БШК ар кандай себептер менен каттаган жок. Ушул тапта… Кененирээк…