Ош шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан тосмолор алынат

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан тосмолор алынат.

 

Түштүк калаа мэриянын маалыматына ылайык, Бабараимов көчөсүн бойлой соодагерлердин тосмолору менен жабылган тротуарга жол ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берилди.

 

Ошондой эле, Южный жана Түштүк-Чыгыш кичи райондорундагы жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдордун абалы көзөмөлгө алынды.