Бишкектин Ала-Тоо аянты Мамлекеттик туу күнүн майрамдоого даярдалып жатат

Бишкектин Ала-Тоо аянты Мамлекеттик туу күнүн майрамдоого даярдалып жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, башкы аянтта кафель төшөлгөн жерлер жана темир тосмолор калыбына келтирилип, аймак толугу менен жыйнап-тазаланды.

 

Эске салсак, мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар 3-мартта өтөт.