Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды. РИА Новости жазгандай,  ал мындай чечимди эки өлкөнүн Украина кризиси боюнча позициясынан улам кабыл алган.
Буга чейин Грузиянын бийлиги Россияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.
Ал эми Садыр Жапаров россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон  аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Кыргызстан президентинин сайтында өлкө башчылар жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганы жазылса, россиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин колдой турганын жазышкан.