Улуттук банк жыл башынан бери 3 интервенция өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан бери 3 интервенция өткөрдү. Эл аралык валюта рыногуна чыгарылган жалпы сумма 169 миллион долларды түзөт, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.

 

Андан такташкандай, мындан кийин дагы Улуттук банк валюта серпилүүсүн жөнгө салуу үчүн интервенцияларды өткөрүүгө даяр. Улуттук банктын резерви 2,5 миллиард долларды түзүп, 6 ай аралыгында товар жана кызматтардын импортун каржылоого жетет.