“Түндүкэлектр” жаздын келиши менен оңдоо иштерин жандантты

“Түндүкэлектр” жаздын келиши менен оңдоо иштерин жандантты. Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдыктын алкагында Бишкекте жана Талас, Чүй облустарында жабдууларды жана электр тармактарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.   Бул учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.   Андыктан, жарандарга түшүнүү менен кабыл алуу сунушталууда.

1-марттан тарта Кыргызстанга кирүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди

1-марттан тарта Кыргызстанга кирүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Конуудан кийинки каттоо учурунда же унаа менен чек арадан өтүүдө ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын же вакцина алгандыгын тастыктаган маалымкат көрсөтүү зарыл.   Ал эми учакка коронавирустун белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет.  … Кененирээк…

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ кабарлады. Жер титирөө бүгүн саат 09:09да болгон. Ал Кадамжай районунун Пүлгөн, Таш-Кыя, Ынтымак айылдарында 4 балл, Шуран, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Кулду айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын курсу бир аз төмөндөдү

Кыргызстанда доллардын курсу бир аз төмөндөдү, бирок дагы эле 90 сомдон жогору бойдон калууда.   Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 92-94 сомдон сатып алып, 95-96 сомдон сатууда.   Улуттук банк тарабынан расмий курс 93 сом 29 тыйын деп белгиленген. Рублдин курсу дагы… Кененирээк…

Алматы-Бишкек-Алматы авикаттамынын саны көбөйдү

Алматы-Бишкек-Алматы авикаттамынын саны көбөйдү. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык,1-марттан баштап аталган аба каттам жумасына 12 жолу аткарылат.   Эми жүргүнчүлөр Бишкектен Алматыга дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү эки жолу учууга мүмкүнчүлүк алышты”, — деп айтылат билдирүүдө.   Эске салсак, буга чейин аталган… Кененирээк…

Ишкерлерге 1 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берилет

Ишкерлерге 1 миллион сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берилет.   Каржы министрлигинен билдиришкендей, чакан жана орто бизнести насыялоо COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү мезгилинде бизнести колдоо программасынын бир бөлүгү болуп саналат.   Насыянын максималдуу мөөнөтү 18 айга чейин болот. Долбоордун шартына ылайык, кичи ишкерлер 250 миң… Кененирээк…

Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү

Мээрим Жуманазарова Эл аралык күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Түркияда өткөн турнирдин жыйынтыгы боюнча түзүлдү.   Стамбулда Жуманазарова турнирге 68 килограммга чейинки салмакта катышып, финалга чейин жетип, күмүш байгеге ээ болду.   Бул жыйынтык кыргызстандыкка 64 миң упай топтоп, дүйнөлүк… Кененирээк…

Дүйнөгө белгилүү ири компаниялар бүгүнтөн тарта Россияга каршы чектөөлөрдү киргизди

Дүйнөгө белгилүү ири компаниялар бүгүнтөн тарта Россияга каршы чектөөлөрдү киргизди. Украинадагы кырдаалга байланыштуу бир катар өлкөлөр жана алардагы дүйнөлүк бренддер 1-марттан баштап өз продукцияларын жана кызматтарын Россиянын аймагында көрсөтпөй турган болду.   Алардын арасында Walt Disney Company өз тасмаларын Россиянын кинотеатрларында прокатка чыгарууну токтотту. Америкалык авикомпания,… Кененирээк…

Ошто кооптуу аймакта жашагандар үчүн окуулар уюштурулду

Ошто кооптуу аймакта жашагандар үчүн окуулар уюштурулду.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бир жума бою Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине, Туран, Сулайман-Тоо, Керме-Тоо, Манас-Ата, Курманжан-Датка жана Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кооптуу аймактарында жашаган калкка жеринде окуулар уюштурулду.   Анда өзгөчө кырдаал катталган учурда… Кененирээк…

Кыргызстанда жумуш издегендердин саны дээрлик 100 миңге жетти

Кыргызстанда жумуш издегендердин саны дээрлик 100 миңге жетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 1-январга карата өлкөдө 99 миң 300 киши ишсиз катары расмий каттоого алынды.   Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга көп. Жумушсуздарын басумдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жашайт. Ал… Кененирээк…