«Чыгышэлектр» ишканасынын кызматкерлери кармалды

«Чыгыш электр» ишканасынын Нарын филиалынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
«Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-2020-жылдары электр энергиясына болгон 219 миллион 667 миң сом карыздарды негизсиз эсептен чыгарганы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголду.
28-февраль күнү Тянь-Шань райондук электр тармактарынын начальниги Б.Т.О., «Чыгыш электр» ААКнын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А. жана Ж.А.М. кармалып, Нарын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.