АКШда теке полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармоого жардам берди

АКШда теке полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармоого жардам берди. Тартип сакчылар шектүүнү кармоого келгенде, ал качууга аракет кылган. Полиция анын аркасынан кубалап, бирок жеткен эмес.

 

Бул учурда тартип сакчыларга эчки жардамга келип, токойдо жашынып алган кылмышкерди таап берди. Эркек колго түшүрүлгөндөн кийин, теке ээсине кайтарылып, полиция кызматкерлери жаныбарга ыраазычылыгын билдиришти.