Кыргызстанда жаңы курулушка мораторий киргизүү сунушталды

Кыргызстанда жаңы курулушка мораторий киргизүү сунушталды. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына караганда, мындай сунуш 2022-2023-жылдарга эсептелген. Демилге Каржы министрлигине жиберилип, учурда каралып жатканы айтылды.

“Камбар-Ата 1” ГЭСи жакынкы 3-5 жылда ишке кирет

“Камбар-Ата 1” ГЭСи жакынкы 3-5 жылда ишке кирет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишендиргендей, аталган гидроэлектр станциянын курулушу жакын арада башталат. Каржы министрлиги курулуштун биринчи этабына 498 миллион долларды мобилизациялоодо. Быйылкы жылы даярдоого 20 миллион доллар бөлүндү, — деди ал. Белгилеп кетсек, Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду. Чоң-Ашууда да кар калың жаагандыктан жол жабык. Ошондой эле Түп – Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда кардан тазалоо… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 220дан ашык мектеп, 40тай бала бакчанын курулушу уланат

Быйыл Кыргызстанда 220дан ашык мектеп, 40тай бала бакчанын курулушу уланат. Бул тууралуу бизге Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак жай департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттерди аягына чыгаруу үчүн 10 миллиард сомдон ашык талап кылынат. Бирок 2022-жылга Каржы министрлиги тарабынан 2 миллиард 400 миллион гана сом бөлүп берүү… Кененирээк…

Өлкөдө Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды

Өлкөдө Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров билдиргендей, аталган темир жол 1-2 жылда Кочкорго чейин курулуп, андан ары Кара-Кечеге уланат. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип “Түндүк-Түштүк” темир жолун ачабыз, — деди Жапаров.

Бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсия, жөлөкпулдарды жогорулатууга бюджеттен 35 миллиард сомго жакын бөлүнөт

Бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсия, жөлөкпулдарды жогорулатууга бюджеттен 35 миллиард сомго жакын бөлүнөт. Министрлер кабинетинен ишендиришкендей, апрелден тарта социалдык кызматкерлердин эмгек акысында эн чоң өсүш болот. Маалыматка ылайык, мындай чечим өкмөттүн кризиске каршы планынын алкагында кабыл алынды.

Украинанын аймагында 68 кыргызстандык калды

Украинанын аймагында 68 кыргызстандык калды. Аталган мамлекетте согуш башталгандан бери Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынан 700дөн ашык кыргызстандык коопсуз жайларга жеткирилди. Элчи Идрис Кадыркуловдун «Азаттыкка» билдиришинче, учурда Кыргызстандын 68 жараны Украинанын аймагында калууда. Анын айтымында, айрым жарандар өлкөдөн чыгуудан баш тартса, кээси… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 28-марттан 1-апрелге чейин көгүлтүп от Алыкулов, Киров, Абакан жана Фрунзе көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр 1973-жылы ишке кирген газ түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

Өлкөгө вакцинаны сактоого 200 муздаткыч жеткирилди

Өлкөгө вакцинаны сактоого 200 муздаткыч жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атайын техниканы эл аралык уюм “Балдардын кызыкчылыгына багытталган гуманитардык аракеттер” линиясы менен тапшырды.   Жаңы жабдуулар вакцинаны туура сактоо максатында өлкөнүн бардык ооруканаларында орнотулат.

Кыргызстанда министрлер кабинетинин кризиска каршы планы иштелип чыкты

Кыргызстанда министрлер кабинетинин кризиска каршы планы иштелип чыкты. Анын жалпы чыгашасы 126 миллиард сомго теңелет.   Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, план каржылоо булактары менен бекитилген.   Учурда өкмөттүн башкы тапшырмасы – өлкөнү буга чейин пландалган көрсөткүчтөргө чыгаруу. Россияга каршы киргизилген… Кененирээк…