Украинанын аймагында 68 кыргызстандык калды

Украинанын аймагында 68 кыргызстандык калды.

Аталган мамлекетте согуш башталгандан бери Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынан 700дөн ашык кыргызстандык коопсуз жайларга жеткирилди.

Элчи Идрис Кадыркуловдун «Азаттыкка» билдиришинче, учурда Кыргызстандын 68 жараны Украинанын аймагында калууда.

Анын айтымында, айрым жарандар өлкөдөн чыгуудан баш тартса, кээси бул боюнча чечим кабыл ала элек.