Кыргызстанда министрлер кабинетинин кризиска каршы планы иштелип чыкты

Кыргызстанда министрлер кабинетинин кризиска каршы планы иштелип чыкты. Анын жалпы чыгашасы 126 миллиард сомго теңелет.

 

Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, план каржылоо булактары менен бекитилген.

 

Учурда өкмөттүн башкы тапшырмасы – өлкөнү буга чейин пландалган көрсөткүчтөргө чыгаруу. Россияга каршы киргизилген санкциялар жана азыркы дүйнөлүк абал Кыргызстанга түздөн-түз таасир тийгизүүдө. Бирок республика тышкы факторлорго жакшы туруштук берүүдө, — деди Амангелдиев.