Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.
Чоң-Ашууда да кар калың жаагандыктан жол жабык.
Ошондой эле Түп – Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган.
Учурда кардан тазалоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, Барскоон — Ак-Шыйрак — Сөөк ашуусуна каттаган унаа жолунун төрт тилкесинде кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабык.