Өлкөдө Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды.
Президент Садыр Жапаров билдиргендей, аталган темир жол 1-2 жылда Кочкорго чейин курулуп, андан ары Кара-Кечеге уланат.
Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз.
Ошентип “Түндүк-Түштүк” темир жолун ачабыз, — деди Жапаров.