Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 28-марттан 1-апрелге чейин көгүлтүп от Алыкулов, Киров, Абакан жана Фрунзе көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр 1973-жылы ишке кирген газ түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.