Быйыл Кыргызстанда 220дан ашык мектеп, 40тай бала бакчанын курулушу уланат

Быйыл Кыргызстанда 220дан ашык мектеп, 40тай бала бакчанын курулушу уланат.

Бул тууралуу бизге Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак жай департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттерди аягына чыгаруу үчүн 10 миллиард сомдон ашык талап кылынат.

Бирок 2022-жылга Каржы министрлиги тарабынан 2 миллиард 400 миллион гана сом бөлүп берүү каралууда.

Бул акчага курулушу 30 пайыздан ашып калган 90дой имаратты аягына чыгарса болот.

Алардын арасында билим берүү мекемелеринен тышкары саламаттыкты сактоо, спорттук жана маданий имараттар бар, — деп айтылат маалыматта.