Быйыл 11-классты 67 миң бүтүрүүчү аяктайт

Өлкөдө быйыл 11-классты 67 миң бүтүрүүчү аяктайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 9-классты 106 миң 219 окуучу бүтүрөт. Ведомстводон такташкандай, былтыркыга салыштырмалуу өлкөдө 11-классты 4 миңге аз, ал эми 9ду дээрлик 2миңге көп бүтүрүүчү аяктайт.

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер 2025-жылга чейин көтөрүлбөйт

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер 2025-жылга чейин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, учурдагы тариф саясаты 2021-жылы кабыл алынып, 4 жылга чейин бекитилген. Эске салсак, Кыргызстан калкы бир киловатт-саатка 77 тыйындан төлөйт. Айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонулса, анда 2 сом 16 тыйындык… Кененирээк…

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу расмий старт алды

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу расмий старт алды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкектин калкын жана ТЭЦти кара отун менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жолду түзө турган социалдык-экономикалык мааниге ээ. Аны мамлекет өз каражатына куруп баштаганы… Кененирээк…

Улуттук банк валюта рыногунан дагы 14,5 миллион доллар сатып алды

Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу максатында дагы 14,5 миллион доллар сатып алды. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси 30-мартта эле алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 5 миллион 400 миң доллар сатып алуу боюнча интервенция жүргүзгөн. Кошумчаласак, банк төрт жылдан бери мындай операция жүргүзө элек болчу.