Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде позициясын жакшыртты

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде позициясын жакшыртты. Эл аралык футбол федерациясынын марттагы рейтингинде өлкө 96-орундан 95-орунга көтөрүлдү. Көрсөткүч Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн Navruz Cup-2022 эл аралык турниринин жыйынтыгынын алкагында чыгарылды. Белгилеп кетсек, ФИФАнын тизмесиндеги биринчи орунду Бразилия курама командасы ээледи. Алдыңкы бештикке Бельгия,… Кененирээк…

Айыл чарба, сугат техникаларын лизингге берүүгө 270 млн сом багытталат

Өлкөдө айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө 270 миллион сомдон ашык багытталат. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Анын алкагында, техника алууга каражат мамлекеттик банктардын бири аркылуу 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6 пайыз менен берилиши күтүлүүдө.

Баткенге Мамлекеттик ипотекалык компания жеке үйлөрдү курат

Баткенге Мамлекеттик ипотекалык компания жеке үйлөрдү курат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында аталган компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди. Анын айтымында, турак-жайлар Ак-Сай жана Максат айылдарына курулат. Аймактарда үй курууга 3,5 миллиард сом каралган. Азыр министрлер кабинети Баткенге 200 миллион сом жөнөтүү боюнча токтом… Кененирээк…

Май айында кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алат

Май айында кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алат. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, 1-5-жана 9-май майрамдык дем алыш күндөрү. 2-майга Орозо айт туура келгендиктен, бул күнү дагы эс алуу жарыяланат. Муну менен 4-6-май гана иш күнү болот, бирок аларды 30-апрель… Кененирээк…

Чүйдө 80 орундуу бала-бакчанын курулушу башталды

Чүйдө 80 орундуу бала-бакчанын курулушу башталды. Ысык-Ата райондук администрациясынан билдиришкендей, Жээк айылындагы мектепке чейин мекемеге капсула салынды. Курулуш чет элдик коомдук бирикменин көмөгү менен жүрүүдө. Маалыматка ылайык, бала бакча сентябрда пайдаланууга берилет.

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда 1-апрелде таңкы саат 05:13тө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер силкинүү Базар-Коргон районунун Арсланбап, Косо-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл, Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок,… Кененирээк…

Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедовдун сүрөтү таксилерге тагылат

Түркмөнстанда жаңы шайланган президент Сердар Бердымухамедовдун сүрөтү таксилерге тагылат. Бул тууралуу “Азаттык” түркмөн кызматына таянып жазды. Маалым болгондой, аталган өлкөнүн Жол полициясы таксисттерди унаанын алдыңкы айнегине мамлекет башчынын сүрөтүн чаптап жүрүүгө милдеттендирди. Полиция ошондой эле айдоочуларга жаңы президенттин ксерокопиядан көбөйтүлгөн сүрөтүн 1,5 долларга сатып алууну… Кененирээк…

Ысык-Көлгө ГЭС курулат

Ысык-Көлгө ГЭС курулат. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, бул боюнча Кытайдын мамлекеттик компаниясы менен инвестициялык келишим түзүлдү. Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 500 мегаватты түзөт. Чет элдик компания менен электр энергиянын тарифи такталган. Учурда жер маселеси чечилүүдө, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 7 медициналык университеттин лицензиясы жокко чыгарылат

Кыргызстанда 7 менчик медициналык университеттин лицензиясы жокко чыгарылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, буга окуу жайлардын клиникалык базасы, шарты талапка жооп бербегени себеп. Келечектеги дарыгерлерди даярдаган 7 билим берүүчү жайдын лицензиясын жараксыз деп табуу боюнча сунуш учурда Билим берүү министрлигине берилди. Ага ылайык, төмөнкү окуу… Кененирээк…

Электрондук кол тамга эми акысыз берилет

Электрондук кол тамга эми акысыз берилет. Санариптик өнүктүрүү министрлиги аны жарандар каалаган калкты тейлөө борборунда алса болорун билдирди. Белгилеп кетсек, электрондук кол тамганы колдонуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды идентификациялоого, онлайн режиминде берилүүчү маалыматты коргоого, документтердин аныктыгын тастыктоого, мамлекеттик органдардын электрондук кызматтарын колдонууга мүмкүндүк берет. Ал кол… Кененирээк…