Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер 2025-жылга чейин көтөрүлбөйт.
Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, учурдагы тариф саясаты 2021-жылы кабыл алынып, 4 жылга чейин бекитилген.
Эске салсак, Кыргызстан калкы бир киловатт-саатка 77 тыйындан төлөйт.
Айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонулса, анда 2 сом 16 тыйындык тариф менен эсептөө жүргүзүлөт.
Ал эми бюджеттик, өндүрүш объектилери электр энергиянын бир киловатына 2 сом 52 тыйындан төлөйт.