Бүгүнтөн тарта Казакстан чек араларын ачат

Бүгүнтөн тарта Казакстан чек араларын ачат.

Эми анын Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан менен чек ара бекеттеринен казакстандыктар, жарандыгы жок адамдар жана чет элдиктер өтө алат.

Мындай чечимди коңшу өлкөнүн коронавирустун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы кабыл алды.

Чек арадан өтүүдө COVID-19га таза ПЦР-тестти же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган сертификатты милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы сакталат.

Эске салсак, Казакстан чек араларын 2020-жылы пандемия башталгандан бери жапкан.

Коңшу өлкөгө бир гана учак менен жетүү мүмкүн болчу.