Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде расмий сапары менен Азербайжандын борбору Баку шаарына барды. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Азербайжандын Милли… Кененирээк…

Ички дүң өнүмдө өсүү катталды

Экономика жана коммерция министрлиги быйылкы жылдын биринчи кварталында экономиканын баардык секторунда өсүш бар экенин жарыялады. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн ички дүң өнүмүндө 4,5 пайыз өсүш болгон.   Мал чарбасындагы өндүрүш 2,3 пайыз өсүп, кайра иштетүү өндүрүшүндө 52,6 млрд. сомдук продукция өндүрүлгөн. Мындан тышкары курулуш, тейлөө, коомдук… Кененирээк…

Молдова президенти Георгий тасмасына тыюу салган мыйзамга кол койду

19-апрелде Молдованын президенти Мая Санду өлкөдө Ыйык Георгийдин орденинин тасмасын, орус аскерлери Украинадагы согушта пайдаланган Z жана V тамгаларын колдонууга тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, бул символдорду жасаган, тагынган, саткан же коомдук жерлерде колдонгон жарандарга 49 долларлык айып пул салынат. Бул мыйзам… Кененирээк…