Казакстан менен чектешкен чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат

Казакстан менен чектешкен чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” унаа өткөрүү жайында 180 жүк ташуучу унаа токтоп турат.   Ал эми “Чоң-Капка” өткөрүү пунктунда 60, “Чалдыбарда” 35, “Кең-Булуңда” 30 унаа кезекте турат. Жүк ташуучу унаалардын… Кененирээк…

Кыргызстанга 120 заманбап электробус сатып алууга 50,5 миллион долларды Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берүүгө даяр

Кыргызстанга 120 заманбап электробус сатып алууга 50,5 миллион долларды Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берүүгө даяр. Каржылоо долбооруна ылайык, сумманын 25 миллиону насыяга берилсе, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат.   Эске салсак, Бишкекке электробустарды сатып алууга жалпысынан 59,5 миллион доллар талап кылынат, эл аралык банк бере турган… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат.   Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы… Кененирээк…

Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрөнүн курулушу аяктады

Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрөнүн курулушу аяктады. Өтмөктүн узундугу 631 метрди түзүп, ал Гиннес рекорддор китебине катталды. Узундугунан тышкары, көпүрө бийиктиги менен дагы мактана алат.   Анткени, ал 152 метр бийиктикте жайгашат.  Өтмөк эң бекем француз айнегинен жасалгандыктан, коопсуз болуп эсептелет. Ал аркылуу бир… Кененирээк…

Ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундарына 4 миңден ашык техникалык паспорт берилди

Ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундарына 4 миңден ашык техникалык паспорт берилди. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жалпысынан жарандардан 9,5 миң арыз келип түшкөн.   Эске салсак, техпаспортто кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат жазылат. Ал жер тилкесин мыйзамдаштырууга укук бербесе дагы, бул багытта маанилүү документ болуп саналат.

Ысык-Көл жээгиндеги ижарачылар санитардык нормаларды сактоого жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого милдеттендирилет

Ысык-Көл жээгиндеги ижарачылар санитардык нормаларды сактоого жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого милдеттендирилет. Ысык-Көл районунун акимиатынан билдиришкендей, ижарачылар менен жаңыланган келишимдерге кол коюлат. Аларда бардык талаптар кеңири жазылат – алсак, куткаруучулардын саны жана пляждагы таштанды челектеринин саны.   Буга чейин документте пляж аймагын ижарага ким бере… Кененирээк…

Оштун дарыканаларында рейд жүрүүдө

Оштун дарыканаларында рейд жүрүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, адистер лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерип жатат.   Белгилүү болгондой, 104 дарыкананын ичинен 34ү атайын уруксат берүүчү документтери жок иштеп келген. Бүгүнкү күнгө карата 5 дарыкананын ишкердүүлүгү токтотулса, 1 мекеме толугу менен жабылды.   Ошондой эле, 170… Кененирээк…

Кыргызстанда сугат сезонуна карата даярдык иштерине быйыл 117 миллион сом жумшалды

Кыргызстанда сугат сезонуна карата даярдык иштерине быйыл 117 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Ведомство  жалпы узундугу бир нече жүз метр каналдарды оңдоп, тазалады.   Андан тышкары, калыбына келтирүү иштери гидротехникалык түзүлүштөрдө, насос станцияларында жана скважиналарда жүргүзүлдү.   Чиновниктердин божомолу боюнча быйыл вегетациялык… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Термечиков, Лев Толстой, Фрунзе, Тыныстанов, Жумабев, Баетов, Раззаков, Токтоналиев көчөлөрүндө жана Дордой, Көк-Жар, Келечек конуштарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 700 сом акы алынбайт

Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 700 сом акы алынбайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Буга чейин ведомство уюлдук телефонду акы төлөп каттоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгону айтылган.   Документке ылайык, смартфон 30 күндүн ичинде каттоодон өтпөсө, уюлдук байланыш операторунун кызмат… Кененирээк…