Молдова президенти Георгий тасмасына тыюу салган мыйзамга кол койду

19-апрелде Молдованын президенти Мая Санду өлкөдө Ыйык Георгийдин орденинин тасмасын, орус аскерлери Украинадагы согушта пайдаланган Z жана V тамгаларын колдонууга тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, бул символдорду жасаган, тагынган, саткан же коомдук жерлерде колдонгон жарандарга 49 долларлык айып пул салынат. Бул мыйзам долбоорун Молдованын парламенти беш күн мурда жактырган.

Молдованын Орусияны жактаган мурдагы президенти Игорь Додон Сандунун мыйзамга кол койгонун сындап, аны «жакырчылыкка эмес, символдорго каршы күрөшүп жатат» деп айыптады. Ал 9-майда Жеңиш күнүнө карата жүрүш өткөрүүнү убада кылды.

Молдова буга чейин Украинанын суверенитетин колдоп, Орусиянын аракеттерин айыптаган. Ошол эле маалда расмий Кишинев Москвага каршы эч кандай санкция жарыялаган эмес.

Ыйык Георгийдин орденинин тасмасын Орусия Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин символу катары 2000-жылдардын ортосунан бери пайдаланып келатат. Тасма 2014-жылдан баштап Донбасстагы жикчилер тарабынан активдүү колдонулган. Ал эми Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникага тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Буга чейин Z жана V тамгаларын согуш контекстинде пайдаланууга Украинанын парламенти жана Германиядагы бир нече регион тыюу салган.