Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде унаалардын тыгыны дээрлик жоюлду

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде унаалардын тыгыны дээрлик жоюлду. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, “Ак-Тилекте” учурга карата 60тан ашык, “Чалдыбарда” 50дөй, Чоң-Капкада 60ка жакын оор жүк ташыган унаа кезекте турат. Ведомстводон белгилешкендей, маселе эки тараптын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин жөнгө салына баштады. Эске салсак, кыргыз-казак… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык китепканалар санариптештирилет

Кыргызстанда бардык китепканалар санариптештирилет. Бизге Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан такташкандай, бул үчүн учурда россиялык IT адистер менен биргеликте программа иштелүүдө. Маалыматка ылайык, электрондук форматка алгач ири китепканалар өткөрүлөт. Санариптештирүү негизинен кыргыз адабиятынан, анын классиктеринен башталды. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө облустук китепканалардын 25-30 пайызы электрондук… Кененирээк…

Бишкектеги фонтандар 1-майдан тарта иштеп баштайт

Бишкектеги фонтандар 1-майдан тарта иштеп баштайт. Мэриянын басма сөз кызматынан такташкандай, учурда аларды жууп-тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, мэрияга караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына шаар боюнча 16 фонтан кирет.

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде эки сапка көтөрүлдү. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыртылган рейтингине ылайык, балбан грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак арасында үчүнчү орунга чыкты. Буга чейин ал бешинчи сапта келе жаткан. Э ске салсак, ушул тапта Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Ага… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү кечкиге чейин таза суусуз калды

Бишкектин бир бөлүгү кечкиге чейин таза суусуз калды. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, түнкү саат 10го чейин суу Жибек Жолу, Манас проспектилери, Жаш Гвардия бульвары, Фрунзе, Бөкөбаев, Кулиев, Москва көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр “Батыш-2” суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Улуу Британияда эркек корей кызына окшош болуш үчүн пластикалык операциялардын түрүн жасады

Улуу Британияда эркек корей кызына окшош болуш үчүн пластикалык операциялардын түрүн жасады. Бул үчүн ал 300 миң доллардан ашык коротту. Мындай идея ага социалдык тармактардагы ийгиликтен кийин келген.   Учурда эркек бетти тарттыруу операциясынан кийин Стамбулда өзүнө келип жатат. 3D форматтагы бетти тарттыруу операциясында каштар,… Кененирээк…

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Улан-Батор шаарында өтүп жаткан биринчиликте кыргызстандык балбан кыз килемге 68 килограмм салмак категориясында чыгып, кореялык атаандашын   4:0 эсебинде жеңди.   Экинчи бөлүктө дагы ири эсеп менен жеңишти багындырып, жарым финалга жолдомо алды.   Бүгүн ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын саны 1 миң 350 адамга көбөйдү

Кыргызстан калкынын саны 1 миң 350 адамга көбөйдү. Президент Садыр Жапаров өлкө жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.   Документке ылайык, 1 миң 507 адам Кыргызстан атуулу болуп катталды. Алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Ошол эле учурда 157… Кененирээк…

Соода борборлорунда ачылган эмдөө түйүндөрү жабылды

Соода борборлорунда ачылган эмдөө түйүндөрү жабылды. Республикалык штабдан белгилешкендей, бул өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганына байланыштуу.   Эми жарандар коронавируска каршы вакцинаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ала алат. Кошумчаласак, учурда өлкөдө “Синофарм”, “Файзер” жана “Модерна” вакциналары жеткиликтүү.

Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек акырындап жоюлууда

Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек акырындап жоюлууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурга карата “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 105 жүк ташуучу унаа күтүп турат.   Бул буга чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу аз. Өзгөчө кырдалдар министрлиги нөөмөтүн улантууда. Жеринде чатырчалар тигилип, кезекте турган айдоочулар ысык тамак менен камсыздалып жатат.… Кененирээк…