Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде эки сапка көтөрүлдү.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жаңыртылган рейтингине ылайык, балбан грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак арасында үчүнчү орунга чыкты.
Буга чейин ал бешинчи сапта келе жаткан. Э
ске салсак, ушул тапта Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Ага жалпысынан 21 кыргызстандык спортчу катышып жатат.