Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Улан-Батор шаарында өтүп жаткан биринчиликте кыргызстандык балбан кыз килемге 68 килограмм салмак категориясында чыгып, кореялык атаандашын 4:0 эсебинде жеңди.
Экинчи бөлүктө дагы ири эсеп менен жеңишти багындырып, жарым финалга жолдомо алды.
Бүгүн ошондой эле Кыргызстан намысын Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы коргоп чыгат.