WhatsApp тиркемесинде кезектеги жаңылануу

WhatsApp тиркемесинде кезектеги жаңылануу. Ал тил алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болот. Колдонуучулар  “Тиркеменин тили” бөлүмүнө кирип, керектүү тилди тандай алат.   Опция жалпы колдонууга качан жеткиликтүү боло турганы белгисиз. Белгилеп кетсек, учурда тиркемеде тилди системалык алмаштырууда гана жаңылоого мүмкүн.

Бишкектин №37 мектебинде кошумча корпус курулат

Бишкектин №37 мектебинде кошумча корпус курулат. Ордо калаанын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 3 кабаттуу имарат                     525 окуучуга чакталат.   Анда окуу класстары, ашкана, акты жана спорт залдары, медициналык кабинет, лаборатория жана башка зарыл бөлмөлөр орун алат. Андан тышкары, мектептин аймагында спорт аянтчасын жана сквер куруу… Кененирээк…

Улуттук банк орноткон расмий курс менен доллардын акча алмаштыруу жайларындагы курсунун айырмасы дээрлик 3 сомду түзүүдө

Улуттук банк орноткон расмий курс менен доллардын акча алмаштыруу жайларындагы курсунун айырмасы дээрлик 3 сомду түзүүдө.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси америкалык валютага карата орноткон куну 82 сом 55 тыйын болсо, учурда коммерциялык банктарда жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайларында сатып алуу 85 сом, сатуу… Кененирээк…

Кыргызстан россиялык өнөктөштөрүнө күйүүчү май жеткирүүдө рубль менен  төлөп баштады

Кыргызстан россиялык өнөктөштөрүнө күйүүчү май жеткирүүдө рубль менен  төлөп баштады. Бул тууралуу “Акчабар” порталына Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, келишимдерге төлөм рубль менен дагы, доллар менен дагы көрсөтүлөт. Бул жеткирүүчүлөргө төлөм акысынын валютасын тандоо укугун берет. Бирок россиялык валютага өтүү… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Ломоносов, Логвиненко, Тыныстанов, Табалдиев көчөлөрүндө, Рассвет, Сокулук, Манас, Асылбаш, Беловодск айылдарында, Кант шаарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2 миң 766 квота бөлүп берди

Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2 миң 766 квота бөлүп берди. Мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, 2019-20-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталган талапкерлер 25-апрелден тартып беш күн ичинде төлөм жүргүзүшү керек.   Талапка ылайык, ажыга бара тургандар 65 жашка чейин, COVID-19га каршы… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы 70 тыйынга, дизель майы 1 сомго төмөндөдү.   Ведомстводон белгилешкендей, республика аймагында күйүүчү-майлоочу материалдын баасын турукташтыруу жаатында иштер уланат. Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун жетиштүү запасы бар, — дешти… Кененирээк…

Үзүр Жусупбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду

Үзүр Жусупбеков күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду. Ал 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште түштүк кореялык Жиу Паркты 10:1 эсебинде жеңип алды.   Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамасы үч алтын, үч коло байгеге… Кененирээк…