Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде унаалардын тыгыны дээрлик жоюлду.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, “Ак-Тилекте” учурга карата 60тан ашык, “Чалдыбарда” 50дөй, Чоң-Капкада 60ка жакын оор жүк ташыган унаа кезекте турат.
Ведомстводон белгилешкендей, маселе эки тараптын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин жөнгө салына баштады.
Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” пунктунда фуралардын кезеги соңку күндөрү 300гө чейин жеткен.